Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Минскте Украинадагы абал боюнча жолугушуу өткөнү жатат


Украинанын чыгышындагы абалды талкулоо боюнча “Нормандия форматындагы” саммит бүгүн Минскте өтөт. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус France Inter радиосуна маегинде билдирди. Анын айтымында, Украина, Франция, Германия жана Орусия президенттери катышары күтүлгөн саммит айрым маселелерге карабай өткөн жатат. Фабиус бул Украинанын чыгышындагы акыркы күндөрү күчөгөн ок атышууну токтотуу үчүн “акыркы мүмкүнчүлүк” деп атады.

Буга чейин ракетадан аткыланган Краматорск шаарына барган украин президенти Петро Порошенко Минкстеги жолугушууга барарын билдирген. Ал эми орус президенти Владимир Путин жолугушууну өткөрүүдөн мурун бир нече маселени тактап алуу керектигин белгилеген.

Донбасска тынчтык орнотуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө карабай уруш уланууда. Бүгүн эртең менен Дебальцево шаарына жакын жерде 19 украиналык аскердин набыт болгону кабарланды.

БУУнун эсеби боюнча былтыр апрель айынан бери согуш жүрүп жаткан аймакта 5350дөн ашык адам набыт кетти.

XS
SM
MD
LG