Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Нарындагы Карылар үйү жабылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” улуттук Кызыл Ай коомунун Нарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Мунира Калиева билдирди. Карылар үйүн 10 жылдан бери аталган уюм каржылап келет.

- Кызыл Ай коому ушул убакытка чейин Карылар үйүн долбоорлордун негизинде иштетип турду. Мындан аркысын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү улантышы керек болчу. Бирок алар Карылар үйүнүн зарылчылыгы жок деп жатышат, - дейт Калиева.

Ал эми облустук бийликтен “Азаттыкка” билдиришкендей, соңку жылдары жардам сурап кайрылган карыялар катталбагандыктан мекеменин зарылчылыгы жок деген тыянак чыгарылган.

Улуттук Кызыл Ай коому учурда Карылар үйүндө 6 адам жашап жатканын, убактылуу баш калкалоочу жай сурап келгендердин саны 50дөн ашарын билдирүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG