Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Кара-Буурада турак үйлөрдү суу каптады


Күн ысып, тоодогу кар эригенине байланыштуу кечээ, 11-февралда Таластын Кара-Буура районунун Аманбаев айылында арыктардан суу ашып, 60 турак үйдү каптады. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ошондой эле 1,5 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган.

Суу каптоонун кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундардан 100 адам жана 1 экскаватор, 1 жүктөгүч унаа тартылды.

Ошондой эле Бейшеке айыл аймагынын Балыкчы айылында 3 турак үйдүн астын суу каптады.

Адам өмүрүнө залака тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG