Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Ош: Кыймылсыз мүлк салыгынан түшкөн акча көбөйбөй жатат


Ошто жаңы имараттар салынып, унаанын саны улам өсүп жатканына карабастан кыймылсыз мүлк салыгынан түшкөн жалпы сумманын көлөмү жогорулабай жатат. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин бюджетин талкуулаган жыйында депутат Абдувахаб Нурбаев билдирди.

- Эки-үч жылдан бери калаадагы кыймылсыз мүлк салыгынан түшкөн акча 58 млн сомдон өйдө көтөрүлбөй турат. А факт жүзүндө шаарда үйлөр, имараттар көбөйүүдө. Автоунаага болгон салык да быйылкы жылы 2013-2014-жылкыдай эле болуп калыптыр. А унаа жыл сайын көбөйүп жатат, - дейт Нурбаев.

Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров бул боюнча адистерге тапшырма берилерин билдирди.

2015-жылга калаа бюджети 930 млн 663 миң сом деп пландалууда. Анын басымдуу бөлүгү салыктан куралат. Бүгүн бюджет шаардык кеңеште кабыл алынат. (ErN)

XS
SM
MD
LG