Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

АКШ спортчулары кыргыз балдарына сноуборд үйрөтүүдө


Ушу тапта Чүйдүн Чуңкурчак тоо-лыжа базасында АКШдан келген сноубордчулар, Олимп оюндарынын катышуучулары Фей Гулини жана Жастин Рейтер жатак мектептердин тарбиялануучуларына сноуборд үйрөтүшүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов билдирди.

“Алар АКШ элчилигинин чакыруусу, Билим берүү министрлигинин колдоосу менен Кыргызстанга келишкен. Чүй, Бишкек жана Ысык-Көл аймактарындагы ата-эне камкордугунан ажыраган 55 балага сноуборд үйрөтүшүүдө”, - деди Акматов.

Ал эми башка облустардагы балдар транспорттук мүмкүнчүлүктөр чектелгендигинен улам келе алышкан жок. Сноубордчулар 20-февралга чейин Кыргызстанда болот. (МТо)

XS
SM
MD
LG