Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Пан Ги Мун Донбасстагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаарындагы атышуу токтобой жатканына тынчсызданды. Баш катчынын билдирүүсү Улуттар уюумунун расмий сайтына жарыяланды. Анда баш катчы жаатташкан эки тарапты Минскте кабыл алынган келишимдин шартын сактап, ок атууну токтотууга чакырган.

Учурда Дебальцеводагы абал чыңалган бойдон калууда. Орусиячыл жикчилдер бул аймак өзүн-өзү жарыялаган Донецк элдик республикасынын аймагы экенин айтып, атышууну токтотуудан баш тартып жатканын Reuters агенттиги жазып чыкты.

Минскте кабыл алынган келишимдин аткарылышына мониторинг жасаган ЕККУнун эксперттери бул шаарга кире албай жатканын билдирди. Уюмдун өкүлү Майкл Бочуркив келишим шарттары Дебальцованын айланасында бузулуп жатканын ачыкка чыгарды.

Жекшембиде телефон аркылуу байланышкан Украина, Германия, Франция жана Орусия лидерлери келишим негизинен сакталып жатканын, бирок айрым бузуулар бар экенин белгилешкен.

Аталган төрт өлкөнүн жетекчилери 12-февралда Минскте Украинанын чыгышындагы ок атууну токтуу боюнча келишимге жетишкен. Келишимде 15-февралда түн ортосунан тарта ок атууну токтотуп, аймактагы оор техникаларды чыгаруу каралган.

XS
SM
MD
LG