Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Майлуу-Сууда союлган малда күйдүргү бар экени аныкталды


Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында союлган малдын этинде күйдүргү илдети бар экенин экспертиза аныктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, 5-февраль күнү шаардагы Көк-Таш айылынын тургундары чогулуп, союлган бодо малдын этин элге таратышкан. Көп өтпөй мал сойгон 7 кишиде оорунун белгилери байкалып, күйдүргү деген шек менен ооруканага кайрылган. Таркатылган эт дароо кайра чогултулуп алынып, экспертизага тапшырылган болчу.

Учурда ооруканадагылар дарылануусун улантууда, абалы дурус. Ал эми эт таратылган 36 кожолуктун тургундары эмдөөдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары, 481 баш кой-эчки, 357 уй, 2 баш жылкы, 4 баш эшек жана 3 ит күйдүргүгө каршы эмдөөдөн өткөрүлдү. (МТо)

XS
SM
MD
LG