Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Алиев билдирди.
“Мурдараак бир суткада 150-160 адамга чейин кайрылып атышкан. Азыр азайып калды. Өткөн суткада 90 адам кайрылса, аладын 52си ооруканага жаткырылды. Жеңилирээктерин үйдөн дарыланууга жөнөтүп атабыз. Ал эми кызылчанын айынан башка оорулары козголуп, 4 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат”, - деди Алиев.
Учурда аталган ооруканада кызылча оорусунан 291 адам дарыланууда. Алар палаталарга батпай калгандыктан коридорлорго да керебеттер коюлган.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда кызылчага кабылгандардын саны 4 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлиги буга каршы мартта жалпы эмдөөнү баштайт. (МТо)