Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Грузия Украинадан Саакашвилини чыгарып берүүнү суранды


Тбилиси өкмөтү өлкөнүн мурдагы президенти Михаил Саакашвили менен кошо мурдагы Юстиция министри Зурав Адеишвилини Грузияга өткөрүп берүүнү сураган билдирүү жасады. Бул экөөнө мекенинде мамлекеттик каражатты уурдоо, адамдарга кол салуу жана кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу айыптары коюлган. 13-февралда украин президенти Петро Порошенко Реформалар боюнча эл аралык кеңеш түзүлүп, аны Саакашвили башкараарын жарыялаган. Саакашвили 2013-жылы ноябрда кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин Грузиядан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG