Минск билдиргендей, Украина тараптан келип Беларус аймагына өтүүгө аракеттенген 20га жакын белгисиз киши артка кайтарылды. Чек ара комитети окуя 17-февралга караган түнү Корбин районунда болгонун билдирди.
Комитеттин өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, коопсуздук кызматтары ок ачып, бир нечеси жарадар болгондон кийин алар артка кайтып кеткен. Бул боюнча тергөө башталды.