Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Мигранттардын Орусияда каттоого турушу бир айга узартылышы мүмкүн


Кыргыз Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 18-февралда кыргызстандыктардын Орусияга кирип-чыгуусу боюнча жаңы талаптар менен тааныштырат. Брифинг министрликтин имаратында болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди:

- Кыргыз жарандары эски келишим жана мыйзамдар боюнча Орусияга баргандан соң жети күндүн ичинде каттоого турушу керек. Биз жаңы келишим иштеп чыктык, аны парламенттин тийиштүү комитети колдоду. Эми өкмөт атайын токтом кабыл алып, Москва бул келишимге кол койсо, Кыргызстандан барган мигранттардын каттоого туруу мөөнөтү 30 күнгө узартылат,- деди Сыдыков.

Кыргызстандыктар Орусияга ички жана эл аралык паспорттор менен кирүүгө укуктуу. 1-январдан тарта Орусиянын миграциялык мыйзамдарына ылайык мигранттар жаңы үлгүдөгү патент алып иштеши керек. (SE)

XS
SM
MD
LG