Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

ИМ ал-Багдадиде 45 адамды өрттөп жибергени маалымдалды


“Ислам мамлекети” тобунун согушчандары Ирактын батышындагы ал-Багдади шаарында 45 адамды өрттөп жиберди. Алардын кээ бирлери коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери экенин 17-февралда жергиликтүү полициянын акими Касим ал-Бейди билдирди.

Полковник ал-Бейди коопсуздук күчтөрү жана кызматкерлер жашаган турак жай комплексине чабуул жасалып жатканын айтып, өкмөттү жана эл аралык коомчулукту жардамга чакырды. Ал-Багдади уруш жүрүп жаткан аймакта болгондуктан, бул маалыматты тастыктоо мүмкүн эмес.

Жихадчылар ай башында иорданиялык учкучту темир капастын ичинде өрттөп жибергенин көрсөткөн видеону жарыялашкан.

Өткөн жумада жихадчылар ал-Багдадинин чоң бөлүгүн басып алган. Шаар Айн ал-Асад авиабазасына коңшу турат. Базада 300дөй америкалык аскер Ирак жоокерлерин машыктырат.

XS
SM
MD
LG