Электр жарыгына болгон бааны арзандантуу талабынын аткарылышын токтогулдуктар 26-февралга чейин күтмөй болгонун "Азаттыкка" демилгечи топтун төрагасы Жайлообай Ташыкул уулу билдирди. 17-февралда райондон барган демилгелүү топтун өкүлдөрү вице-премьер министр Валерий Дил баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, алар койгон талаптарды талкуулашкан. Акыркы жыйынтыкты алар 26-февралга чейин чыгармай болду, - дейт Ташыкул уулу.
5-февралда Токтогул районунда электр жарыгынын тарифтерин арзандатуу талабы менен митинг өтүп, митингчилер талаптарына жооп берүүгө өкмөткө 12-февралга чейин убакыт чектеген. (RsK)