Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Баткенде соцкызматкерлер жөлөкпулду кымырып алганы боюнча иш козголду


Баткен райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын райондук филиалынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнгөн 110 миң сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал кызматкерлер расмий документтерге жалган маалыматтарды жазышкан.

Учурда бул боюнча 315 (жасалма документтерди жасоо), 171 (ишенип берилген мүлктү коромжуга учуратуу) жана 316- (шалаакылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG