Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Балалуу келин 6 айдан бери Кризистик борбордо жашап келет


22 жаштагы балалуу келин Жалал-Абаддагы "Каниет" кризистик борбордо жарым жылдан бери жашап келатат. Азыр бул жак суук болгондуктан аталган борбор менен кызматташкан аялдын үйүндө жашап келатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун директору Мимоза Нуракова билдирди.

Келинди жолдошу, кайын энеси уруп, үйүнөн чыгарып койгон. Ата-энеси ажырашып кетип, барар жайы, документтери болбогондуктан кризистик борбордо жашоого мажбур.

Өткөн жылы аталган борборго зордук-зомбулукка кабылган 23 аял кайрылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG