Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Түркия Сириядан Сулайман шахтын сөөгүн чыгарып кетти


Сириянын Кобани шаарына Түркиянын жүздөгөн аскерлери кирип келип, ондогон түрк аскерлери кайтарып турган Осмон империясына тийешеси бар кабырды чыгарып кетти. Өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу 22-февралда билдиргендей, операция түн ортосунда «ийгиликтүү» жүргүзүлдү. Давутоглунун айтымында, Түркия бул миссияга уруксат алган жок, бирок "Ислам мамлекети" тобуна каршы эл аралык коалициядагы союздаштарына операция башталгандан кийин маалымат жиберди. Сирия Түркияны «каратып туруп агрессияга жол берди» деп сынга алды. Сирия сыналгысына ылайык, Түркия өлкөнүн Стамбулдагы консулдугуна маалымат берген, бирок Сириядан уруксат боло электе эле ишке киришкен. Давутоглу Осмон империясынын негиздөөчүсүнүн чоң атасы болгон Сулейман шахтын сөөгү «Сириядагы жаңы жерге» берилээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG