Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Прокуратура Жайыл райондук сотунун чечимине каршы


9 жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөн делип кармалган 19 жаштагы Тургунбек уулу Амантурду Жайыл райондук соту “акыл-эси жайында эмес” деген жүйөө менен кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Соттун чечимине ылайык, Тургунбек уулу Амантурга козголгон кылмыш иши жабылып, өзү психологиялык ооруканада дарыланууга жиберилүүсү керек болчу.

Райондук прокуратура соттун бул чечимине каршылык билдирип, Чүй облустук сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Өткөн жылы март айында Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектептин окуучусу, 9 жаштагы Гүлиранын сөөгү көчөдөн табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында анын өлүмүнө шектелип, бир тууган таякеси кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG