Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Берлинде Украинанын чыгышындагы абал талкууланды


Дебальцевого жакын жердеги украин армиясынын танкы, 16.02.2015
Дебальцевого жакын жердеги украин армиясынын танкы, 16.02.2015

Украинанын чыгышындагы абал боюнча Берлинде Германия, Франция, Украина жана Орусиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу аяктады. Француз тышкы иштер министри Лоран Фабиустун айтымында, төрт өлкө Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салууда ЕККУнун ролун күчөтүүгө макул болду. Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин болсо соңку күндөрдөгү Дебальцеводогу кырдаалдан улам ок атууну токтотуу боюнча келишим аткарылбай жатканын билдирген. Ал эми Германиянын башкы дипломаты Франк-Вальтер Штайнмайер Украинаны Минск келишимине ылайык, оор техникаларды чыгарып кетүүгө көндүрүү аракети көрүлгөнүн маалымдады. Буга чейин украин армиясы чыгышта жикчилдер ок атууну токтотпогонунан улам аскердик оор техниканы жөнөтпөй турганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG