Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Ошто кесип тандоого багытталган роликтер тартылууда


Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жаштардин чеберчилигин арттырууга багытталган долбоорунун алкагында Youth of Osh коомдук бирикмеси социалдык роликтерди тарта баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдан кабарлашты. Кыска аудио жана видео роликтер аркылуу улан-кыздар арасында “бул кесип мыкты, мунусу пайдасыз” деген стереотиптерди жоюуга аракет жасалат.

Долбоор алдыдагы беш жылда Кыргызстанда кайсы кесиптерге суроо-талап жогорулашы боюнча жүргүзүлгөн атайын изилдөөгө таянып ишке ашырылат. Март-апрель айларында эки аудио, эки видео ролик даярдалып, телерадиоканалдар аркылуу коомчулукка көрсөтүлөт. Ал үчүн Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы 150 миң, Youth of Osh уюму 140 миң сом бөлгөн.

Аталган министрликтин изилдөөсүнө ылайык, алдыдагы жылдарда Кыргызстанда тигүүчү, ашпозчу, темир ширетүүчү, автоунаа устасы сыяктуу кесип ээлерине талап жогору болот. (YI)

XS
SM
MD
LG