Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

"Апрелчилер" Медакадемия боюнча президентке кайрылды


“Апрел баатырлары” коомдук уюму улуттук тестирлөөдө баллы жетпеген абитуриенттерди медициналык академияга мыйзамсыз кабыл алган фактыларга мамлекет башчысы Атамбаевдин көңүлүн бурууга аракет жасады.
“Апрел баатырлары” коомдук уюму улуттук тестирлөөдө баллы жетпеген абитуриенттерди медициналык академияга мыйзамсыз кабыл алган фактыларга мамлекет башчысы Атамбаевдин көңүлүн бурууга аракет жасады.

“Апрел баатырлары” коомдук уюму Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча президентке кайрылуу жасады.

Активисттер баллы жетпеген абитуриенттерди апрел баатырларынын атын сатуу менен ал окуу жайга кабыл алган документтер боюнча ректор Зурдинов менен мурдагы билим берүү министри Садыков ынандырарлык жооп бербей жатканын жүйө келтиришүүдө. Ошол эле кезде алар бул коррупциялык схемага байланышкан жагдайды иликтеген “Азаттыктын” журналисттерине ыдык көрсөткөн окуу жайдын жетекчилигине карата өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев чара көрбөгөнүн айыпташты. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмү ал чатак иликтенип бүткөндөн кийин гана ага карата чечим кабыл алынат деп билдирди.

Жабылып кеткен иштин чатагы

“Апрел баатырлары” коомдук уюму улуттук тестирлөөдө баллы жетпеген абитуриенттерди медициналык академияга мыйзамсыз кабыл алган фактыларга мамлекет башчысы Атамбаевдин көңүлүн бурууга аракет жасады.

Медакадемиянын ректору Аширали Зурдинов
Медакадемиянын ректору Аширали Зурдинов

​Келишип алып жасалган бул коррупциялык схема боюнча Башкы прокуратура 2012-жылы иш козгоп, бирок кыскартылган ал ишти кайра жандантуу талабы коюлду. “Апрель баатырлары” коомдук уюмунун төрагасы Таалайбек Айдаров бул ишти иликтөөнү президент жеке көзөмөлүнө алуусун сурады:

- “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин мына ошол жагдайды билдик. Апрел окуясынын жабырлануучусунун кайсыл баласы же кызы Медакадемияга жеңилдик менен окууга киргенин ачык тизмелеп беришсин десек, анте алышпады. Биз териштирсек, карапайым апрел баатырларынын арасынан эч кимдин баласы Медакадемияга кирген эмес экен. Анда ал тизмеге кимдин балдары кирген? Демек бул жерде биздин атыбызды жамынган коррупциялык байланыш болгон деп ойлоп калдык. Медакадемиянын ректору фактыларга ынанымдуу жооп бергендин ордуна анын кызматкерлери журналисттерге кол көтөргөнү акылга сыйгыс. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бул маселени териштирип, ага чекит коюшу керек.

Тутумдашуунун туундусу кайда?

2011-2012- жылдары мамлекеттик гранттык комиссиянын чечими жана мурдагы билим берүү министринин буйругу менен алтымыштан ашуун абитуриент Медициналык академияга мыйзамсыз кабыл алынган фактыларды “Азаттык” иликтеген.

Бишкектеги окуу жайлардын бири
Бишкектеги окуу жайлардын бири

Мына ошол документтерде келтирилген тизмедегилер чынында эле жабырланган үй-бүлөнүн балдары беле же жасалма жол менен окуу жайга киргендерби деген суроого жооп табыла элек. Бул жагдайды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия дагы анын чын-төгүнүн тастыктап бере элек. Мына ошол комиссиянын төрайымы, билим берүү министринин орун басары Бермет Турсункулова жакында кызматынан күтүүсүз кетти. Анын кызматтан кетиши андагы коррупциялык схеманы жашырууга байланыштуубу же башкабы, чыныгы себептери айтылган жок.

Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров "апрелчилердин" койгон дооматына мындайча жооп берди:

- Анын бардыгы ошол кездеги гранттык комиссиянын чечими менен болду да. Ал карап чыгып, чечим чыккандан кийин министр ошонун негизинде буйрук чыгарган да. Туурабы же туура эмеспи мына ошолор да жооп бериш керек да. Анан эми ректор аларды көчөдөн колунан жетелеп келип эле отургузуп койгондой элес калтырганыңар туура эмес. Бул боюнча билим берүү министрлигинин комиссиясы иштеди. Ректор жооп берди. Комиссиянын төрайымы Турсункулова деген аябай демократ көз караштагы адам өзү келип, териштирбедиби. Анан эми ал азыр кетип калса, министр өзү турат ордунда.

Өкмөт чечим кабыл алууга шашыла элек

2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларынын жабырлануучуларын жеңилдетилген шартта жогорку окуу жайга кабыл алуу боюнча өкмөт 2011-жылы токтом чыгарган. Ага кайрылман макамындагы этникалык кыргыздар да кирген. Бул документалдык фактыларды иликтөө үчүн барган “Азаттыктын” телетобу жакында окуу жайдын куулуп чыгарылган. Бул боюнча ыдык көргөн журналисттер милицияга кайрылган болчу.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева бул чатакка иликтөө бүткөн соң баа берилерин айтты:

- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы бир эле учурда саламаттыкты сактоо министрлигине жана билим берүү министрлигине карайт. Аларда мына ошол жоопкерчиликти кароо мүмкүнчүлүгү бар. Андан башка ИИМ менен Башкы прокуратура карайт. Өкмөттүн аппаратында андай мүмкүнчүлүк жок. Ал эми мына ошол чыр боюнча бизде жыйын болгон. Бардык маалыматтарды укканбыз. Анда ректор айыбын моюнуна алып, өзүнүн кол алдындагыларга сөгүш берген. Анан эми милиция бул окуяны толук иликтеп чыккан соң гана буга баа берилет. Ал эми окуу жайдагы коррупциялык иштери боюнча маалыматты тиешелүү органдарга кайрылып, ошол жактан сурасаңар болот.

Мыйзам боюнча Медициналык академиянын ректорунун ишмердигин иликтөөгө тапшырма берүү же кызматтан алуу өкмөт башчысынын ыйгарым укугунда. Бирок өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев эмнеге буга көңүл бургусу келбей жатканы түшүнүксүз. Билим берүү министрлигинин алдындагы комиссия ушул жылдын 15-февралына чейин өзүнүн корутундусун чыгарууга тийиш болчу.

XS
SM
MD
LG