Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Кыргызстандын паспортун алып жүргөн чет өлкөлүк жарандар көп


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту

35 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын паспорттору менен жүрүшөт. Бул маалыматты Ички иштер министри Мелис Турганбаев Нарында “Милиция жана коомчулук коопсуз жашоонун күзөтүндө” деп аталган форумда айтты. Министр милиция тарабынан бул маселе боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Турганбаевдин айтуусунда ар бир жарандын кыймылын көзөмөлдөгөн система жок болгондуктан, сыртка кеткен жана сырттан келип жаткан адамдардын так саны тууралуу маалымат жок.

Өткөн жумаларда Кыргызстанда жети миңден ашуун паспорт мыйзамсыз берилгени тууралуу маалымат чыккан. Ошондой эле бүгүнкү күнү Орусия менен Казакстандын жарандыгын алган айрым кыргызстандыктар кыргыз паспортун да жашыруун алып жүрүшкөнү жөнүндө айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG