Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Ходорковский: Путин тарыхка баатыр катары кирбес болду


Михаил Ходорковский, 26-февраль, 2015-жыл
Михаил Ходорковский, 26-февраль, 2015-жыл

"Владимир Путин супермен эмес, ал тарыхта баатыр деп жазылып калбасы анык" деди бүгүн Лондондо өткөн маалымат жыйынында сүйлөп жатып азыркы орус бийлигинин сынчысы, ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский.

Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди талкаланган экономика менен байланыштырып, "жылаңач король" деп атады.

Ходорковский орус экономикасы азыркыдай оор кырдаалга кептелишинин себебин башкаруудагы кемчиликтер менен байланыштырып, буга Батыштын санкцияларынын тиешеси жоктугун, өлкө ичиндеги тирешкен кландар бийлик үчүн күрөшүүсүн уланта берсе абал мындан да оор болорун эскертти:

- Кремль кандай гана аракет кылып үгүттөбөсүн, Путин супермен эмес. Ал тарыхта баатыр катары калбасы да анык, - деди Ходорковский.

Ошондуктан ал Батыш өлкөлөрүнө кайрылып орус оппозициясына колдоо көрсөтүүгө чакырды.

51 жаштагы Михаил Ходорковский орусиялык ири ЮКОС мунай компаниясын башкарып турган. Салыктан качкан деген айып менен ал он жылча түрмөдө отурган. Азыр Швейцарияда жашайт. Өзүнө тагылган айыпты бийликти сындаганы үчүн басым деп атап келет.

XS
SM
MD
LG