Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы Олег Молодиевский журналисттерге кабарлады.
«2015-жылдын январь-февраль айларында Москва облусунда 26 миңден ашуун чет элдик жаран патент алууга кайрылган. Беш жарым миңден ашуун патент берилип, облустун бюджетине 214 миллион рубл түштү», - деп билдирди Молодиевский.
2015-жылдан тарта Орусияда жаңы киргизилген мыйзамга ылайык, чет элдик мигранттар патент алуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүп, орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча тест тапшырышы керек. (LzT)