Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Таласта көкбөрү таймашы өтөт


Көкбөрү оюну
Көкбөрү оюну

Бүгүн, 4-мартта көкбөрү боюнча Талас районунун биринчи өтмө кубогу үчүн жыйынтыктоочу оюндары болот. Бул тууралуу мелдештин демөөрчүсү, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Байгазы Кенжебаев билдирди. Анын айтымында кубок үчүн 13 команда жыл бою айлампа тартибинде ойношкон. Ар бир оюндун жыйынтыгына жараша командалар упай топтоп келишкен. Жыйынтыктоочу беттешүүлөр "Манас Ордо" комплексинде өтөт.

Кубок 50 миң сомго Италиядан буюртма менен жасалган. Ал жыл сайын жеңүүчү болгон командага өткөрүлүп турат. Алдыңкы үч орунга ээ болгон командаларга акчалай 100 миң сом байге бөлүнүп берилет. Андан сырткары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук китеби, Спорттук энциклопедия өңдүү кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат. (ECh)

XS
SM
MD
LG