Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Ирландиянын жанында орусиялык согуш учактары жүргөн


Ирландиянын аба мейкиндигинде жүргүнчү учагы орусиялык согуш учактары менен кагылыша жаздаган. Бул өлкөнүн Авиация бийликтери билдиргендей, Ту-95 үлгүсүндөгү бомбалоочу эки учак 18-февраль күнү Ирландиянын жээгинен 40 чакырымдай аралыкта учушкан. Кагылышуу коркунучунан улам, жүргүнчү учагы багытын өзгөртүүгө мажбур болгон, ал эми экинчиси абага кечигип көтөрүлгөн. Бул кеңсенин бүгүн жарыялаган билдирүүсүнө ылайык, аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөргө көрүнбөш үчүн орус учактары сигнал берүүчү жабдыгын өчүрүп алышкан. Бул күнү Британия өз жээгине жакын учкан эки орусиялык согуш учагын өз аба мейкиндигинен чыгаруу үчүн согуштук учактарын жиберүүгө мажбур болгон эле. НАТО акыркы кездери орус учактарынын мындай учуулары кескин көбөйгөндүгүн билдирүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG