Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Бишкекте бир катар кафелердин ишине тыюу салынды


Мамлекеттик ветеринардык инспекция бир катар кафелердин жана "Бергул" аттуу колбаса чыгарчу цехтин ишин токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кабарларга караганда, инспекция бүгүн 150гө жакын коомдук тамактануучу жайды кыдырып чыкты. Атайын түзүлгөн комиссия эт саткан күркөлөрдү, кафе, ресторандарды, соода түйүндөрүн текшерди. Бул текшерүүлөр эшек этине байланыштуу чыккан жаңжалдан кийин уюштурулган.

КТРКнын журналисттери Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде жүздөгөн эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыккан. 600дөн ашык эшекти сойгон “Кайтал” ишканасынын жетекчилерине мыйзамсыз ишмердик жүргүзүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. (ZMa)

XS
SM
MD
LG