Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:26

Ооганстанда ондогон согушкер жок кылынды


Ооган коопсуздук күчтөрү өлкө түштүгүндөгү туткундалган жарандарды бошотуу операциясы маалында ондогон согушкерлер набыт кеткенин кабарлады. Кечээ башталган операция бүгүн таңга чейин уланды. Бирок туткунга түшкөндөр бошотула элек.

Хазара улутундагы 30 шиит мусулман 23-февралда туткундалган. Аларды автобус менен Кандагардан Кабулга бараткан жолдо белгисиз адамдар күч менен алып кеткен. Бул үчүн бийликтер талиптерди күнөөлөп жаткан. Бирок талиптер мындай айыпты четке кагышты.

Забул провинциясынын бийликтери операция маалында 50гө жакын согушкер жок кылынганын кабарлады. Улуттук армиянын генералы Абдул Хамиддин айтымында, өлтүрүлгөндөрдүн арасында 21 чет өлкөлүк бар болгон. Бирок алардын кайсы өлкө жарандары экенин генерал тактаган жок. Ооган өкмөтүнүн өкүлү Сарвар Даниш операция маалында жүзгө жакын согушкер жок кылынганын айтып чыкты.

Хазаралар Ооганстандын түштүгүндө жашаган этникалык топ. Алар өлкө калкынын сегиз пайызга жакынын түзөт. Хазаралар исламдын шиит багытын тутунганы үчүн талиптер аларды "динсиз" деп атап, ар кыл зордук-зомбулуктарды көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG