Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Москва согушкерлер Тажикстанда активдешип жатканына кабатыр


Тажикстандагы Орусия аскер базасынын жоокери
Тажикстандагы Орусия аскер базасынын жоокери

Орусиянын Коргоо министрлиги Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдө өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун мүчөлөрү активдеше баштаганы тууралуу маалымат таратты. Министрдин орун басары Анатолий Антонов согушкерлер Тажикстандын түштүк тарабында көбөйгөнүн, мындан "Москва сарсанаа болуп жатканын" билдирди.

Кырдаалга байланыштуу Орусия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларын күчтөнтүүгө аракет кылууда.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Тажикстандан сырткары Кыргызстан, Армения, Беларус жана Казакстан мүчө.

XS
SM
MD
LG