Сузак районунун Благовещенка айылына бараткан жолдо Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу экскаватор жеңил машина менен кагылышып, “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу каза тапты. Окуя 7-март күнү болгонун Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы бүгүн билдирди.
“Нексиянын” айдоочусу жол эрежесин бузуп, карама-каршы тараптан келаткан экскаваторду сүзгөн. Натыйжада ал ооруканага баратып жолдо көз жумган.
Расмий маалымат боюнча Жалал-Абад облусунун аймагында жыл башынан бери 84 жол кырсыгы катталып, 24 жарандын өмүрү кыйылган. (RsK)