Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

Киши колдуу болгон тажик оппозиционери Стамбулда жерге берилет


Өткөн аптада Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозиционери Умарали Куватов аталган шаарда бүгүн жерге берилет. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Куватовдун жубайы Кумринисо Хафизова кабарлады.

Куватовду 5-март түнү белгисиз адам атып кеткен. Түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, саясатчыны үй-бүлөсү менен бирге Сулайман Каюмов аттуу мекендеши конокко чакырган. Ал жерде Куватовдорду уулантуу аракети болгон. Жубайы жана балдары өздөрүн жаман сезип баштаганда Куватовдор сыртка чыгууга аракет кылган. Дал ушул учурда белгисиз адам оппозиционерди башка аткан.

Түркиялык гезиттер бул окуя боюнча үч адам кармалганын кабарлоодо. Алардын баары тажик улутундагылар.

47 жаштагы Умарали Куватов бир кезде президент Рахмондун үй-бүлөсү менен жакшы ымалада болчу. Кийин бийлик менен мамилеси бузулуп, 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Мындан соң “Группа 24” аттуу оппозициялык уюм түзгөн. Тажик бийликтери аталган топту экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG