Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Азербайжан: укук коргоочу Лейла Юнус коопсуздугунан чочулады


Абакта отурган азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнус өз коопсуздугунан чочулап жатат. Тергөө абагында кармалып турган күйөөсү Ариф Юнуска жазган катында Лейла “үйгө кайтпай калам” деген чочулоосун билдирди. Буга абактагы шарттар жана ар кыл кысымдар себеп болгон.

59 жаштагы Лейла Юнус бийлик каттоодон өткөрбөй койгон Бакудагы Тынчтык жана демократия институтунун негиздөөчүсү. Ал 2014-жылы июлда Азербайжандын кан душманы Армениянын пайдасына тыңчылык кылган деп, камакка алынган. Лейла Юнустун күйөөсү Ариф дагы ушундай кине менен камакта жатат. Жубайлар саясий негизде камакка алынганын айтышат.

XS
SM
MD
LG