Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Мыйзам жазуудагы мамлекеттик тилдин ролу талкууланат


“Мыйзам жазуу процессиндеги мамлекеттик тил маселелери” аттуу илимий-практикалык конференция парламенттин демилгеси боюнча Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте уюштурулууда. Анда мыйзам жазуучулар, бийлик өкүлдөрү жана тилчилер мыйзам жазуу учурундагы мамлекеттик тилдин колдонулушу, кыргыз орфографиясы, терминологиясындагы айрым талаш жараткан жагдайлар, котормодогу кыйынчылыктар туурасында пикир алышат.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматында мындай форматтагы иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө жана ал эки күнгө созулат. (AzK)

XS
SM
MD
LG