Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:12

Бакыт Абдыкапаровго экинчи айып тагылды


Экс-Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып такты. Бул айып өткөн жылы сентябрь айында Бишкек ТЭЦине сапатсыз көмүр сатуу боюнча “Электр станциялары” акционердик коомунун кызматкерлерине жана айрым тартип сакчыларына карата козголгон кылмыш иши боюнча тагылууда. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы да тастыктады. Ага ылайык, Бакыт Абдыкапаров Кылмыш кодексинин 30-305-беренеси боюнча күнөөлөнүүдө.

Буга чейин Абдыкапаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирүү” беренелери боюнча карата кылмыш иш 5-январда козголуп, 26-февралда “Көз боёмочулук” боюнча расмий айып тагылган. Эки айлык тергөө мөөнөтү 5-мартта аяктап, соттук териштирүү башталышы керек.

Бакыт Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Былтыр 20-декабрда УКМК бир канча кишиден турган топ “Тазалык” ишканасына козголгон кылмыш ишин кыскартып беребиз деп алдоо жолу менен 50 миң доллар алганын кабарлаган. Алардын арасында Бакыт Абдыкапаров да бар экени айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG