Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Салянованын күйөөсүнүн баш коргоо чарасы каралат


Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралышы күтүлүүдө. Ушул тапта сот жараяны башталуу алдында турат. Айрым маалыматтар боюнча сот УКМК тарабынан жаңы тагылган айыпка ылайык, Бакыт Абдыкапаровду камакка алуусу мүмкүн.

Абдыкапаровдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча ага УКМКнын тергөө бөлүмү “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “Көз боемочулук кылган” деген беренелер боюнча айыптар тагылган.

26-февралда Биринчи Май райондук соту Бакыт Абдыкапаровдун баш коргоо чарасын карап, эч жаккка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына калтырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG