Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Каракол: Барымтага алынган кыздар бошотулду


Караколдо барымтага алынган эки кыз бошотулуп, туугандарына өткөрүлүп берилди. Облустук милициядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, өзүнүн жана кайын эжесинин кызын уурдап, кийин алар учун 10 миң доллар, 300 миң сом талап кылган 35 жаштагы аял колго түшүрүлдү.

Ал эки кызды Кызыл-Суу айылындагы кароосуз калган кашарлардын бирине алып барып колу-бутун таңып камап койгон. Уурдалган кыздар 7 жана 8 жашта.

Алдын ала маалыматка караганда, кылмышка шектүү аял банктагы ири суммадагы карызын төлөө үчүн ушундай жол менен туугандарынан акча талап кылууну чечкен.

Эки кыз бир суткадан кийин, кечээ бошотулуп, кармалган аялдын үстүнөн тергөө башталды. (ASa)

XS
SM
MD
LG