Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Өлкө жетекчилиги Саралиновдун жакындарына көңүл айтты


Мурат Саралинов.
Мурат Саралинов.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун каза болгонуна байланыштуу мамлекет жетекчилиги анын жакындарына көңүл айтты. Президент Алмазбек Атамбаев, спикер Асылбек Жээнбеков жана бир катар жетекчилер кол койгон көңүл айтуу катында Саралинов Кыргызстандын эң мыкты коомдук ишмери, көрүнүктүү спортчусу болгону жазылат.

Саралинов 13-март күнү, 54 жашында инфаркттан улам дүйнөдөн кайтты.

Саралинов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп 2006-жылы бекитилген. Ортодо бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап, 2014-жылы экинчи ирет Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилигине шайланган. 2012-жылы ага Азиянын олимпиадалык кеңешинин Алтын ордени ыйгарылган.

Мурат Саралинов эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери. Маркум менен коштошуу зыйнаты 15-мартта Бишкекте өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG