Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Ысык-Көлдө аялдар арасында аракечтик көбөйдү


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын психикалык-наркологиялык бөлүмүнөн “Азаттыкка” кабарлашкандай, 2014-жылы аракечтик менен жабыркап ооруканага 99 аял кайрылган. Анын ичинен 33үнө кеп-кеңеш берилип, 66сы облустук үй-бүлөлүк медициналык борборго каттоого алынган. Дарыгерлер жыл санап аракечтик менен жабыркаган аялдардын саны өсүп жаткандыгын белгилешүүдө.

Адистер аял кишилер аракечтикке көбүнчө социалдык көйгөйлөрдөн улам берилерин белгилешет. Акыркы жылдары алкоголго берилгендердин арасына мектеп жашындагы кыздар да кошулган. (AsA)

XS
SM
MD
LG