Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Тажикстанда кыргызстандык жаранга ок атылды


Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришинче, окуя өткөн апта соңунда катталган. Окуя кошуна өлкөнүн Баткенге чектеш Согди облусунун аймагында болуп, кыргызстандык жаранга травматикалык тапанчадан ок атылган. Алдын-ала маалыматтарга караганда, буга күч түзүмдөрүнүн же чек арачылардын тиешеси жок.

Учурда кылмыш иши козголуп, анын себептери териштирилүүдө. Башына ок жеген кыргызстандык жаран учурда Лейлек райондук ооруканасында дарыланууда, абалы дурус. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG