Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Ооганстандагы түркмөндөр Ашхабаддын жер тартып алуу аракетине нааразы


Ооганстандын Түркмөнстан менен чек ара аймагындагы түркмөн айылынын тургундарына полиция ок чыгарып, төрт киши мерт кетти, жети киши жараланды. Окуя 15-март күнү болгонун "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна этникалык түркмөндөр жашаган Гаркын деген айылдын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Гулям Расул Карйядар билдирди. Анын айтымында, айылдаштары район администрациясынын имаратынын алдына чогулуп, Түркмөнстандын алардын жерлерин тартып алуу аракеттерин токтоттурууну расмий бийликтен талап кылышкан.

Атын атагысы келбеген расмий адамдар окуя тууралуу маалыматты тастыктады, бирок анын чоо-жайын айтуудан баш тартышты.

Айыл жашоочуларынын айтымында, бир нече жыл мурун чек араны бойлой аккан Амударыяда пайда болгон аралчадагы жерди түркмөн өкмөтү тартып алып, тосмолорду орното баштаган. Жергиликтүүлөр кошуна өлкөнүн аскерлери тирешүү учурунда этникалык үч түркмөндү кармап кеткенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG