Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Пакистандагы христиан азчылыгы нааразылыгын билдирди


Пакистандын Лахор шаарында христиан жамаат өкүлдөрү нааразылык акциясына чыгышты. Жекшембиде христиандардын эки чиркөөсүнө талип жанкечтилер кол салып, кеминде 16 киши набыт кеткен.

Маалыматтарга караганда нааразылыгын билдиргендер менен полиция кагылыша кетти.

Ушундай эле акциялар Файзалабад жана Гужранвала шаарларында да болду.

Пакистандагы христиандардын саны калктын 2 пайызына жетпейт. Христиан азчылыгы өкмөт аларды коргоо үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деген доомат артууда.

XS
SM
MD
LG