Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Депутаттын жеке иликтөө жүргүзүү укугун жокко чыгаруу сунушталды


Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттык топтор боюнча Конституциялык палатанын чечимин мыйзамга шайкеш келтирүү маселесин карап жатып, депутаттык иликтөө тууралуу азыркы норманы өзгөртүү маселесин да көтөрүштү. Анда депутаттык иликтөө комитеттин, фракциянын же жалпы палатанын атынан гана жүргүзүлүшү керек деген сунуш айтылды.

Бирок депутат Ширин Айтматова муну парламенттин көзөмөл функциясын чектөө деп атап, фракция же комитет жеке депутаттын кайсы бир олуттуу мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүү сунушун колдобой коюшу мүмкүн экендигин айтты. Анын оюнча, депутаттын жеке иликтөө жүргүзүү укугун жокко чыгаруу менен парламенттин ыйгарым укуктарын системалык түрдө алсыздандыруу аракети жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG