Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:25

“Эл намысы” деген улуттук кыймыл түзүлдү


Бул туурасында “Азаттыкка” кыймылды тааныштырган активист Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, бул кыймылдын курамын негизинен спортчулар жана мекенчил жарандар түзөт. Алар өлкө ичиндеги жана сыртындагы коопсуздук маселелери боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу кырдаал жарала турган болсо мобилизацияланып, аскер күчү катары окуяны алдын алууга катышуу максатын көздөшөт. Мындан тышкары кыймыл "Ислам мамлекети" тобунун коркунучтары, Сириядагы согуш боюнча элге туура маалымат жеткирүүнү көздөйт.

10-апрелде аталган кыймыл Ынтымак жыйынына чогулуп, меморандумга кол коюшат. Ал эми 15-мартта Бишкектеги сейил бактарында коомдук тартип, тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү кампаниясын жүргүзөт.

Ушул тапта аталган кыймылга 300гө чукул жаран бириккени айтылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG