Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Энергетикалык коопсуздук маселеси Коргоо кеңешинде каралат


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Коргоо кеңешинин жумушчу тобун кабыл алган учурда билдирди. Жолугушууда энергетика тармагындагы коррупцияга көңүл бурулуп, анын энерго коопсуздукка тийгизген таасири сөз болду. Тартип коргоо органдарындагы коррупцияга көңүл бурган өлкө башчысы “кээ бирөөлөр жемкорлук менен күрөшүү демилгесин көтөргөнү менен өздөрү ошол жолго барып жатат”, - деп билдирди. Коргоо кеңешине тартип коргоо органдарындагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелчиликти жана схемаларды жок кылуучу пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Коргоо кеңеши энергетика тармагындагы системалык коррупцияны жоюу жолдорун буга чейин да талкуулаган. Аталган кеңештин алдындагы коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөөчү жумушчу топ бул тармактагы 25 коррупциялык схеманы аныктаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG