Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Өкмөт Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун парламентке жөнөтөт


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бүгүн парламентте билдирди. Ал айрым маселелер чыгып, убагында берилбей калганын, келишимдердин орусча, кыргызча варианты бүгүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн айтты.

Өткөн айдын соңунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт бир ай ичинде акыркы келишимди алып келүүгө даярдыгын билдирген. Эгерде орток пикир табылбаса, анда улутташтыруу варианты даярдаларын кошумчалаган эле.

“Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Токон Мамытов буга чейин Центерра менен сүйлөшүүдө экология маселесине басым жасалып жатканын “Азаттыкка” билдирген.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Мурдагы өкмөт 50/50 пайыз үлүш менен иштетүү келишимин сунуш кылып, парламент колдоп берген. Бирок азырынча натыйжа чыга элек. Айрымдар улутташтырууну колдоп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG