Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Бишкекте эл аралык «Тил жана маданият» фестивалы өтүп жатат


Учурда Бишкекте биринчи жолу эл аралык тил жана маданият боюнча 13-эл аралык фестиваль өтүп жатат. Иш-чаранын расмий бөлүгү түштөн кийин башталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага 17 мамлекеттен: Казакстан, Украина, Косово, Индонезия, Азербайжан, Беларус, Танзания, Грузия, Монголия, Филиппин, Индия, АКШ, Таиланд, Румыния, Орусия, Тажикстан, Мозамбик өлкөлөрүнөн окуучулар келишкен. Расмий бөлүккө вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жана маданият министри Алтынбек Максүтов катышары айтылган.

Учурда Кожомкул атындагы Спорт ордосунун алдына 7 боз үй тигилип, чогулган элге, башка өлкөдөн келген конокторго арналып концерттик программа, сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.

Фестивалдын катышуучуларынын Кыргызстандын тарыхый жайларын кыдыруу программасы 20-мартка пландалды. Алар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине, Токмоктогу Бурана эстелигине барышат. (ZA)

XS
SM
MD
LG