Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Атамбаевдин Молдова сапары тууралуу жаңы билдирүү жасалды


Президенттин аппараты өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жасаган сапары боюнча маалымат таратты. Анда Атамбаевдин Кишиневдогу бейрасмий жолугушуусу Орусия, Молдова жана Еврокеңештин өз ара кызматташуу маселелерин талкуулоого арналганы белгиленген. “Ушул эле маселелер 16-мартта Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда сүйлөшүүнун предмети болду жана бул мамлекет башчынын Европа өлкөлөрүнө болжолдонгон сапарынын жүрүшүндө талкууланышы күтүлүүдө”, - деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, 15-мартта Атамбаев Санкт-Петербургга баратып, кыска мөөнөткө Кишеневго токтоп, Молдова парламентинин төрагасы Адриан Канду жана республиканын башкаруучу коалициясынын лидерлеринин бири Владимир Плахотнюк менен расмий эмес жолугушкан.

Алмазбек Атамбаевдин апта башында Молдова олигархынын менчик учагы менен Кишиневго барганы ачыкка чыгып, түрдүү түкшүмөлдөрдү жараткан. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков анда бул боюнча айтууга эрте экенин билдирген эле. Бүгүн парламент жыйынында депутат Равшан Жээнбеков өлкө башчынын бул сапарын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG