Улуттук банк тарабынан жума башында валюта базарына 24 700 доллар интервенция кылганына карабай, сомдун куну бир калыпта сакталган жок. Бейшемби күнү Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ долларынын баасы 63 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми расмий курс боюнча 19-мартта 1 доллар 62 сом 32 тыйын деп бааланды. Эки ай мурун 59 сом 89 тыйын болчу.
Үч-төрт айдан бери АКШ долларынын кымбаттоосу уланууда. Бул абал базар бааларына да таасир этип, керек-жарактын наркы өсүп жатат. (SE)