Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Кумтөрдүн мүлкүн улутташтыруу боюнча коомдук угуу өтөт


Кумтөр алтын ишканасы
Кумтөр алтын ишканасы

Бүгүн “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мүлкүн улутташтырууга байланыштуу мыйзам долбоор боюнча коомдук укгуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Ага депутаттар, көз карандысыз эксперттер катышат.

Мыйзам долбоорго ылайык, ири алтын кенди иштеткен “Кумтөр Голд компани” ишканасын жана бардык мүлкүн мамлекетке өткөрүп алуу каралган. Мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан.

Кумтөрдү улутташтыруу маселеси октябрда Канада соту Кыргызстандын 60 пайыз акциясын камакка алгандан кийин кайра көтөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG