Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Куранды өрттөдү деген аялдын өлүмүнө байланыштуу 9 эркек кармалды


Жаалданган эркектердин тобу аялды тепкилешүүдө. Кабул. 19-март 2015
Жаалданган эркектердин тобу аялды тепкилешүүдө. Кабул. 19-март 2015

Ооган полициясы Кабулда болгон коогалаңдуу окуяга байланыштуу тогуз адамды камакка алды. Бул жөнүндө 20-мартта Кабул полициясынын тергөө башкармалыгынын зардалы Мухаммад Фарид Афзали “Эркин Ооганстан” радиосуна билдирди.

19-мартта жаалданган эркектер Куранды өрттөдү деп, Фарханда деген аялды өлтүрүп, денесине өрт коюп жиберишкен.

Афзалинин айтышынча, Фарханданы дарылаган догдур полицияга бейтаптын акыл-эси кем экенин айткан. Бул маалыматты Фарханданын үй-бүлөсү да ырастаган.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Ички иштер министрлигине жана Уламалар кеңешине диний маселелерди көзөмөлдөөнү, мечиттин имамдарына окуяны иликтөөнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG