Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Тбилиси: Демонстранттар Грузия өкмөтүн кызматтан кетүүгө чакырды


Тбилисиде он миңдеген жарандар демонстрацияга чыгып, өкмөттү кызматтан кетүүгө үндөдү. 21-марттагы нааразылык жүрүшү Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили башындагы Бириккен улуттук кыймылдын демилгеси менен уюштурулду. Алар башкаруучу “Грузия кыялы” партиясын экономиканы башкарганды билбейт деп күнөөлөштү. “Бизди өлкөнү кыйратып жаткан өкмөттөн Грузияны тазалоо ниети бириктирди”, – деди Саакашвили демонстранттарга жасаган видеокайрылууда. Бириккен улуттук кыймылдын парламенттеги мүчөсү Георгий Габашвили мындай акциялар жакынкы күндөрү башка шаарларда да өтөт деп эскертти.

Улуттук акча - лари акыры бир жылда 30% жакын кунун жоготуп, өлкөдө инфляция жана жумушсуздук өскөн.

Бийлик укугун бейчеки пайдаланган деп айыпталган Саакашвили Грузиядан чыгып кеткен. Азыр ал Украина президентинин кеңешчиси. (AU)

XS
SM
MD
LG